Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 28-январда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 2…3;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндуз -1…-2.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6°, күндүз 3…5° суук болот.
Дагы караңыз
Кыргыз бийлиги АКШдагы кыргыз жарандарын миграциялык мыйзамдарды сактоого чакырдыFFE уюму Кыргызстандын өкүлдөрүнүн Беларустагы шайлоодо байкоочу болгонун сынга алды Бишкек шаары 2024-жылы 36,8 млрд сом киреше менен чыктыКыргыз-кытай чек арасы 29-январдан тартып үч күнгө жабылат