Бишкекте айт намазы өттү
Бишкектин Эски аянтында өткөн айт намазга 35 миңдей киши келди. Бул тууралуу шаардык милициянын басма cөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Намаздын алдында Курман айттын мааниси тууралуу муфтий Максатбек Токтомушев жана башка кызматкерлер айтып беришти. Президенттин атынан анын кеңешчиси Мухамметкалый Абулгазиев жана Бишкектин мэри Албек Ибраимов кыргызстандыктарды куттукташты.
Чыгарылыштар
-
Май 13, 2025
Казак жаранын карматкан иштин чоо жайы
-
Май 12, 2025
Армиядагы зомбулук, сөгүш алган министр
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 12, 2025
Согуш, тынчтык жана эскерүү. Дүйнөнүн 19-аптасы