Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:47

Еврошаркет Орусия боюнча атайын трибунал түзүү чечимин колдоду


Львов жолугушуусунун катышуучулары. 2025-жылдын 9-майы.
Львов жолугушуусунун катышуучулары. 2025-жылдын 9-майы.

Украинанын Европа Биримдигиндеги союздаштары Орусия бийлигинин өкүлдөрүн жоопко тартуучу атайын трибунал түзүү чечимин колдошту. Бул тууралуу документке Украинага каршы орусиялык агрессияны уюштургандар үчүн атайын трибунал түзүү боюнча коалицияга кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кол коюшту. Башкы дипломаттардын жолугушуусу 9-майда Украинанын Львов шаарында өттү.

"Львов билдирүүсү" мындай трибуналды түзүүгө зарыл укуктук чараларды иштеп чыгуу жумушунун жыйынтыгы экени белгиленди. Билдирүүгө кол койгондор башка мамлекеттерди да бул демилгеге кошулууга үндөштү.

Reuters белгилегендей, трибунал ишин Европа Кеңешинин алдында жүргүзөт жана келерки жылдан тартып кызматын аткара баштайт.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча мекемесинин башчысы Кая Каллас бул трибунал "Украинага каршы агрессия үчүн эң башкы жоопкерчилик кимде болсо, ошолорду жоопко тартарын" айтты.

2022-жылдын февралынан бери коңшусунун толук масштабдуу агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан Украина Орусия миңдеген согуш кылмышына жооптуу экенин белгилеп, мындай трибуналдын зарылдыгын көптөн бери айтып келген. Москва мындай айыптоолорду адатта четке кагат. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG