Binance компаниясынын негиздөөчүсү, кытай-канадалык ишкер Чанпэн Чжао Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун коомдук кеңешчиси болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров Чанпэн Чжао менен 3-майда Чолпон-Ата шаарында жолугушкан. Алар виртуалдык активдерди жана блокчейн-технологияларын өнүктүрүү, киберкоопсуздук маселелерин талкуулаганы кабарланды. Жапаров өлкөдө санариптик активдерди киригизүү боюнча олуттуу кадамдар жасалып жатканын белгилеген.
Жолугушууда Чанпэн Чжаого Кыргызстандын президентинин виртуалдык активдерди өнүктүрүү маселелери боюнча коомдук кеңешчиси күбөлүгүн тапшырды.
Чанпэн Чжао - CZ деген ат менен белгилүү Кытайда төрөлгөн канадалык ишкер. Ал 2017-жылы криптовалюта биржасындагы эң ири Binance компаниясын негиздеген.
2023-жылы АКШда Чжаого “акчанын изин жашырууга каршы мыйзамдарды бузган” деген негизде кылмыш иши козголуп, компаниянын башкы директору кызматынан кеткен. (TSh)
Шерине